212-берене. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›28-глава. Менчикке каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо жана (же) максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка буюмдарды колдонуу менен;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алууну жана максаттуу багытын бузуу менен жерлерге өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүүнү уюштуруу же жетектөө -

он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)