212-1-берене. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›28-глава. Менчикке каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Кызмат адамы, жердин ээси тарабынан жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөсө, -

300дөн 700 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде кылмыш жасаган адам өзүм билемдик менен ээлеп алынган жер участогун кайтарып берүүнү камсыз кылса жана анын кесепеттерин жойсо, жоопкерчиликтен бошотулууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)