211-берене. Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›28-глава. Менчикке каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Уурдоо (айдап качуу) максатын көздөбөстөн автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.