157-берене. Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›24-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Ушул Кодекстин 154, 155 жана 156-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, он сегиз жаш куракка жеткен адам тарабынан он алты жашка толо элек бала менен жасалган жыныстык катнашуу, бачабаздык, лесбияндык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -

сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)