156-берене. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›23-глава. Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Ушул Кодекстин 154 жана 155-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, шантаж кылуу жолу менен же болбосо жабырлануучунун материалдык же башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга адамды мажбурлоо, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;
2) ата-эне же жаш баланы тарбиялоо боюнча мыйзам менен милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо балдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин кызматкери тарабынан жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ошол эле жосун он төрт жашка толо элек балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга же майыптарга карата жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)