158-берене. Ыплас аракеттер
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›24-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Ушул Кодекстин 154, 155 жана 157-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, он алты жашка толо элек балага карата сексуалдык катнашсыз ыплас аракеттер жасалса, -
жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)