155-берене. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›23-глава. Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Жабырлануучунун же башка адамдын өмүрүнө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан жасалган;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;
3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон;
4) жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -
сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен;
2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;
3) уюшкан топ тарабынан;
4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка толо элек балага же майыпка карата жасалса, -
он беш жылга эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)