152-берене. Мыйзамсыз медициналык же фармацевттик иш
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›22-глава. Инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген, милдеттүү түрдө алынуусу мыйзамда каралган лицензиясыз (уруксатсыз) жүзөгө ашырылуучу медициналык же фармацевттик иш, ага тете медициналык билими жок адам тарабынан жүзөгө ашырылуучу мыйзамсыз медициналык иш, -
500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(КР 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)