151-берене. Күч колдонуу менен донорлук кылуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›22-глава. Инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Донор катары пайдалануу максатында адамдан күч колдонуп же алдоо жолу менен кан алуу -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосун балага карата, же аракетке жөндөмсүз же күнөөлүү адам билип туруп алсыз абалдагы адамга карата жасалса, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.