152-1-берене. Салттуу (элдик) медицина менен мыйзамсыз алектенүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›22-глава. Инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 152-1-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген, жогорку медициналык билими жок жана салттуу (элдик) медицина жаатында атайын даярдыктан өтпөгөн адамдын салттуу (элдик) медицина менен алектенүүсү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)