92-статья. Ата-энесине каралашуу боюнча бойго жеткен балдардын милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›14-Глава Ата-эне менен балдардын алименттик милдеттенмелери
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 92-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик социалдык жактан тейлөө органы каржылык жардамга муктаж болгон, мамлекеттик камсыздоодо турган жана өзүн-өзү камсыздоодо калган ата-энелерге жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
3. Ар бир баладан өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ата-энесинин жана балдарынын материалдык жана үйбүлөлүк абалына жана тараптардын көңүлгө алынуучу таламдарынан келип чыккан ай сайын төлөнүп турууга тийиш болгон туруктуу акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.
4. Алименттердин өлчөмүн аныктаганда сот ошол ата-эненин эмгекке жөндөмдүү, бойго жеткен балдарынын баарын, бардык балдарына, алардын ичинен бирөөнө же алардын бир нечесине карата коюлган талапка карабастан, эске алууга укуктуу.
5. Эгерде ата-энесинин ата-энелик милдеттеринен баш тарткандыгы сот тарабынан аныкталса, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өз ата-энесин багуу милдетинен балдары бошотулушу мүмкүн.
Ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелерге балдары алимент төлөөдөн бошотулат.
(КР 2024-жылдын 2-декабрындагы № 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)