8-статья. Үйбүлө укуктарын жүзөгө ашыруу жана үйбүлөлүк милдеттерди аткаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-Глава Үйбүлө укуктарын жүзөгө ашыруу жана коргоо

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 8-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, жарандар үйбүлө мамилелеринен (үйбүлө укуктарынан), анын ичинде ушул укуктарды коргоо укуктарынан келип чыгуучу өздөрүнө таандык болгон укуктардан өздөрү каалагандай пайдалана алышат.

Үйбүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын жүзөгө ашырышы жана өз милдеттерин аткарышы үйбүлөнүн башка мүчөлөрү менен башка жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузбашы керек.

2. Үйбүлө укуктары мыйзам тарабынан коргоого алынат, эгерде алар бул укуктардын милдеттерине карама-каршы жүзөгө ашырылгандан тышкаркы учурларда болсо.