7-статья. Үйбүлө мыйзамдары жана эларалык укуктун ченемдери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава Үйбүлө мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 7-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерде үйбүлө мыйзамдарында каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)