63-статья. Баланын өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө болгон укугу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IV БӨЛҮМ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›12-Глава Жашы жетпеген балдардын укуктары

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 63-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Бала өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө укуктуу.

2. Балага ысым ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) макулдугу менен берилет, атасынын ысымы атасынын аты болот, же улуттук каада-салтты эске алып ыйгарылат.

Атасы атын өзгөрткөндө анын жашы жетпеген балдарынын атасынын аты да, ал эми бойго жеткен балдарынын аты - бул тууралу алар арыз бергенде өзгөртүлөт.

3. Баланын фамилиясы ата-энесинин фамилиясы менен аныкталат. Ата-энеси ар башка фамилияда болгондо ата-энесинин макулдугу боюнча атасынын же энесинин фамилиясы берилет.

Кыргыздын улуттук салты боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

- атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;

- чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;

- чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары менен фамилиялары алардын каалоолору боюнча алардын салтына жараша көрсөтүлөт.

Ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев", "-ова" жана "-ева" деген мүчөлөр кошулуп жазылышы мүмкүн.

4. Баланын ысымына жана (же) фамилиясына карата ата-эненин ортосунда келип чыккан пикир келишпөөчүлүктөр сот тартибинде чечилет.

5. Эгерде аталыгы аныкталбаса, балага ысым энесинин айтуусу боюнча, атасынын аты баланын атасы катары жазылган адамдын атынан (ушул Кодекстин 54-статьясынын 3-пункту), фамилиясы - энесинин фамилиясына жазылат.

6. Эгерде баланын ата-энеси экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясын, аты менен атасынын атын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр коет.

(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2025-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)