62-статья. Баланын өз пикирин билдирүүгө болгон укугу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›12-Глава Жашы жетпеген балдардын укуктары
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 62-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
Бала өзүнүн пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Баланын өз пикирин билдирүүгө болгон укугу, башка адамдардын укугун жана кадыр-баркын сыйлоо, ошондой эле мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолукту жана Кыргыз Республикасынын калкынын ыймандуулугун сактоо максатында мыйзамдарда каралган учурларда гана чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн. Ушул Кодексте (64 жана 77-статьялар) жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде (42, 52, 56, 63, 64, 65 жана 79-статьялар) каралган учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү же сот он жашка чыккан баланын макулдугу менен гана чечим кабыл алышы мүмкүн.
(КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)