44-статья. Нике келишимин түзүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ ЖУБАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН МИЛДЕТТЕРИ›9-Глава Жубайлардын мүлкүнүн келишимдик режими

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 44-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Нике келишими никени мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин жана никеде турган мезгилдин кайсы учурунда болбосун түзүлүшү мүмкүн.

Никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин түзүлгөн нике келишими никеге туруу мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Нике келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталат. Эгерде нике келишиминин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда нотариус мындай келишимди же макулдашууну ырастоодон баш тартат.

3. Нотариустун нотариалдык ишти аткаруудан баш тартышына сот тартибинде даттанса болот.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)