43-статья. Нике келишими


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ ЖУБАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН МИЛДЕТТЕРИ›9-Глава Жубайлардын мүлкүнүн келишимдик режими

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 43-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

Жубайлардын никеге тургандагы жана (же) аны бузган учурдагы мүлктүк укуктарын жана милдеттерин аныктоочу жубайлардын же никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу нике келишими катары таанылат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)