28-статья. Никени жараксыз деп табуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II БӨЛҮМ НИКЕГЕ ТУРУУ ЖАНА ТОКТОТУУ›5-Глава Никенин жараксыздыгы

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 28-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Ушул Кодекстин 13-15-статьяларында жана 16-статьясынын 3-пунктунда белгиленген шарттар бузулса, ошондой эле жалган нике түзүлгөн учурда, башкача айтканда жубайлар же алардын бири үйбүлө түзүү ниети болбой туруп никеге катталганда, нике жараксыз деп табылат.

2. Никени жараксыз деп табуу сот тарабынан жүргүзүлөт.

3. Никени жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып сот үч күндүн ичинде соттун ушул чечиминин көчүрмөсүн никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберүүгө милдеттүү.

4. Никенин корутундусу чыккан күндөн тартып ал жараксыз деп табылат (ушул Кодекстин 11-статьясы).