27-статья. Өлдү деп жарыяланган же дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда никени калыбына келтирүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II БӨЛҮМ НИКЕГЕ ТУРУУ ЖАНА ТОКТОТУУ›4-Глава Никенин токтотулушу

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 27-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда жана тиешелүү сот чечимдери жокко чыгарылганда нике жубайлардын биргелешип жазган арызынын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Эгерде жубайынын бири жаңы никеге турган болсо, нике калыбына келтирилбейт.