111-статья. Алимент өндүрүп алуу
01.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›18-Глава Алимент төлөөнүн жана өндүртүп алуунун тартиби
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 111-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгондо ушул Кодекстин 85-104-статьяларында көрсөтүлгөн үй-бүлө мүчөлөрү алимент өндүрүп алуу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
2. Аталыкты (энеликти) аныктоо, талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган талаптар боюнча жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)