105-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун түрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›17-Глава Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 105-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун мыйзам тарабынан белгиленген түрүн сактабоо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 181-статьясында каралган кесепеттерге кириптер кылат.

2. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу аткаруу баракчасынын күчүнө ээ.

3. Эгерде алименттик макулдашуунун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда нотариус мындай макулдашууну ырастоодон баш тартууга укуктуу.

4. Нотариустун нотариалдык ишти аткаруудан баш тартышы сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.