104-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу түзүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V БӨЛҮМ ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ›17-Глава Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 104-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу (алименттин өлчөмү, төлөө шарттары жана тартиби) алимент төлөөгө милдеттүү болгон жана аны алуучу адамдардын, ал эми алимент төлөөгө милдеттүү болгон жана (же) алимент алуучу адам аракетке жөндөмсүз болгондо ал адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлөт. Толук эмес аракетке жөндөмдүү адамдар алимент төлөө жөнүндө макулдашууну анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен түзөт.