15-статья. Кайрылууларды кароо тартибинин сакталышына контроль жүргүзүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясы, 18.07.2025 редакциясы.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары өзүнүн компетенциясынын чегинде кайрылууларды кароо тартибинин сакталышына контролду жүзөгө ашырышат, келип түшкөн кайрылуулардын мазмунун талдашат, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузуунун себептерин өз убагында аныктоо жана жоюу боюнча чара көрүшөт.