10-статья. Кайра кайрылуулар
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясы, 18.07.2025 редакциясы.
1. Жаңы ачылган жагдайлар (б.а. кайрылуу берилген учурда арыздануучуга белгисиз болгон жана белгилүү болушу мүмкүн болбогон жагдайлар) болбогон кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электрондук) каралууга тийиш эмес. Жаңы ачылган жагдайлар ушул Мыйзамда каралган тартипте каралууга тийиш.
2. Эгерде жаран кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча алынган чечимге канааттанбаса, ал чечимге соттук тартипте даттанууга укуктуу.
3. Алгачкы кароодо кайрылуучунун психикалык оору менен ооругандыгы аныкталган жана документтер менен тастыкталган кайра кайрылуу каралууга тийиш эмес.
4. Кайра кайрылуу ушул Мыйзамдын 6-статьясында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
(КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 144 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)