8-берене. Улуттук банктын көз карандысыздыгы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 8-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Мамлекет Улуттук банктын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда көз карандысыздыгына кепилдик берет. Улуттук банктын мыйзамдуу ишине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасы Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпагандай эле, Улуттук банк да Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

3. Улуттук банктын ыйгарым укуктарына каршы келген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алууга тыюу салынат.

4. Улуттук банктын кызматчыларына мамлекеттик органдардан, мамлекеттик кызматчылардан жана башка адамдардан Улуттук банктын ишинин негизги милдеттерине жана максаттарына каршы келген көрсөтмөлөрдү жана нускамаларды кабыл алууга тыюу салынат.

5. Сот же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, кызмат адамдары банктарга карата алардын ишин чектөө жөнүндө, анын ичинде алардын өз акча каражаттарын же мүлкүн тескөөсү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин кредит берүүчүлөр жана банктын кардарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасы үчүн мындай чечимдин кесепеттери жөнүндө Улуттук банктан сурап билүүгө милдеттүү.

6. Улуттук банк өзүнүн негизги милдеттерин аткаруу максатында Улуттук банктын ишин камсыз кылуунун алкагында Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталган жол-жоболорго ылайык өз каражаттарынын эсебинен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алат. Улуттук банктын туунду уюмдары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ошол уюмдардын ыйгарым укуктуу башкаруу органдары тарабынан аныкталган жол-жоболорго ылайык өз каражаттарынын эсебинен сатып алышат.

7. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө операцияларын жүзөгө ашыруу бөлүгүндө гана Улуттук банкка аудитти жүзөгө ашырат.