7-берене. Улуттук банктын ишин уюштуруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк өз ишин ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.

2. Улуттук банк кайсы болбосун жеке жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зарыл маалыматтарды жана документгерди акы төлөбөстөн алууга укуктуу.

3. Улуттук банкка ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган анын компетенциясынын чегинен тышкаркы иштерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.