9-берене. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 9-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда банктык жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн эл аралык стандарттарын, анын ичинде Натыйжалуу банктык көзөмөлдөө боюнча Базель комитетинин жана Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши тарабынан бекитилген Шариат стандарттарын эске алууга укуктуу.

2. Банк мыйзамдары банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүү, төлөм системасынын иштеши (банктык укуктук мамилелер) чөйрөсүндөгү мамилелерди, ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилесин жана жоопкерчилигин жөнгө салат. Банктык укуктук мамилелердин катышуучулары болуп ыйгарым укуктуу орган аркылуу чыгуучу мамлекет, Улуттук банк, банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактар, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер, ошондой эле резидент эместер саналат.

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине колдонулбайт.

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.

4. Жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз таасирин тийгизүүчү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Улуттук банктын расмий басылмасында жана расмий интернет-сайтында жарыяланууга тийиш.

5. Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына карата жөнгө салуучу таасирин талдоону Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык иштеп чыгат жана жүргүзөт.

6. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

7. Кыргыз Республикасынын банктык укуктук мамилелерге таасирин тийгизүүчү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.

8. Эгерде ушул конституциялык Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын башка банк мыйзамдарында башкача аныкталбаса, ушул конституциялык Мыйзамда колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык банктык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык түшүнүлөт.

9. Улуттук банк банктык терминдердин глоссарийин (жыйнагын) чыгарат жана банктык терминология боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 246 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)