70-берене. Улуттук банктын кызматчыларын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн укуктук коргоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

13-глава. Улуттук банктын кызматчылары

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 70-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банктын кызматчылары, убактылуу администрациянын жетекчиси (убактылуу администратор) жана анын өкүлдөрү, ошондой эле Улуттук банктын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирген башка адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин же мыйзамдуу тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндөгү чыгымдары үчүн кайсы жактын алдында болбосун жарандык жоопкерчилик тартпайт. Алардын укук ченемсиз ишине байланыштуу дооматтар жана доолор Улуттук банкка гана коюлушу мүмкүн. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу.

2. Улуттук банк кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу маселелер боюнча соттордо жана башка мамлекеттик органдарда өз эсебинен зарыл болгон чыгашаларды төлөө, же болбосо кызматчылар тарткан чыгашаларды компенсациялоо аркылуу өз кызматчыларын укуктук жактан коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

3. Банкка жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуунун жана ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар үчүн Улуттук банк жоопкерчилик тартпайт.