71-берене. Улуттук банктын мүлкү жана ишинин коопсуздугу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
14-глава. Улуттук банктын мүлктүк укуктары жана коопсуздугу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 71-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банк өзүнө таандык болгон акча каражаттарына, имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, транспортко жана башка мүлктөргө өз алдынча ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каттоодон өтүүгө тийиш болгон Улуттук банктын мүлкү, анын ичинде кыймылсыз мүлкү жана жер тилкелери Улуттук банктын менчиги катары катталат.
2. Мамлекет Улуттук банктын мыйзамдуу мүлктүк укуктарынын корголушун кепилдейт, анын мүлкүн алып коё албайт же кыскарта албайт. Улуттук банктын мүлкү, анын ичинде капитал, акча каражаттары жана негизги каражаттары, башка материалдык баалуулуктар Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимисиз аларга башка милдеттенмелер жүктөлүшү мүмкүн эмес.
3. Улуттук банк Улуттук банктын ишин камсыз кылуу, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жана кызматчыларын социалдык жактан коргоо максатында гана кандай мүлктү болбосун, менчикке сатып алууга же ижарага алууга, анын ичинде акысыз пайдалануу үчүн алууга укуктуу.
4. Улуттук банктын негизги милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Улуттук банк юридикалык жактардын акцияларынын ээси болууга же башкача түрдө алардын ишине катышууга укуктуу.
5. Жараксыз болгон же пайдаланылбаган материалдык баалуулуктарды ээликтен ажыратуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Улуттук банк кредит берүүчүнүн ар кандай укуктарын кандай гана формада болбосун, эки жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө, андан ары ээликтен ажыратуу менен сатып алууга укуктуу.
7. Улуттук банк борбордук банктардын ишине карата коюлуучу эл аралык талаптарга ылайык өз ишинин коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды, анын ичинде мүлкүнүн, акча каражаттарынын жана башка активдеринин сакталышына, ошондой эле кызматчыларын жана маалыматтарын коргоого багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү.
8. Улуттук банкта ок атуучу курал-жарактарды жана атайын каражаттарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугуна ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөр иштейт.