69-берене. Купуя маалыматтарды коргоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
13-глава. Улуттук банктын кызматчылары
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 69-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банк кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды коргоо системасына ээ болууга милдеттүү.
2. Документтердин түп нускасында камтылган үлгүлөрдүн болушун талап кылган экспертизаларды жүргүзүү үчүн документтердин түп нускасын алуу зарыл болгон учурларды кошпогондо, банктык сырды жана купуя маалыматты камтыган маалымат жана документтер соттук актынын негизинде гана жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө гана алынышы мүмкүн, бул тууралуу тинтүү жана алуу өндүрүшү жөнүндө токтомдо түздөн-түз көрсөтүлөт. Документтердин түп нускасы экспертиза жүргүзгөндөн жана/же соттун чечими күчүнө киргенден кийин 5 жумушчу күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.
3. Улуттук банктын кызматчыларына кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.