6-берене. Улуттук банктын негизги операциялары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 6-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк ишинин максатына жетүү жана негизги милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу:

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык, банктарга, өзгөчө учурларда төлөө жөндөмдүүлүгү боюнча көйгөйлөргө дуушар болгон, депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга акыркы инстанциядагы кредиттерди берүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары - мамлекеттик баалуу кагаздар) сатып алууга жана экинчилик рынокто сатууга;

3) чет өлкөлүк валютаны сатып алууга жана сатууга;

4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды жана Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга;

5) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана валюталык баалуулуктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга;

6) банктардан, чет өлкөлүк финансылык уюмдарды кошкондо, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга;

7) башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык финансылык уюмдарга алар жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоо долбоорлору жана программалары боюнча жогорку ликвиддүү эркин конвертациялануучу чет өлкөлүк валюта менен камсыз кылуу алдында төлөө, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын эл аралык уюмдун төлөнгөн уставдык капиталынын он беш пайызынан ашпаган көлөмдө бул операциялардын Улуттук банктын жүзөгө ашырылып жаткан акча-кредит саясатынын максаттарына ылайык келген шартта берүүгө;

8) банктарда жана башка финансылык уюмдарда эсептерди ачууга;

9) банктарга, анын ичинде чет өлкөлүк банктарга корреспонденттик эсептерди ачууга;

10) ар кандай программаларды каржылоо үчүн эл аралык финансылык институттар тарабынан берилген каражаттар менен байланышкан бүтүмдөр боюнча ортомчу катары чыгууга;

11) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталган шарттарда улуттук валютадагы акча каражаттарын берүүгө;

12) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана кандай гана валюта болбосун өлкөгө ташып келүүгө жана өлкөдөн ташып чыгууга;

13) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга.

2. Улуттук банк айрым банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана төлөнүүчү акынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан ушул конституциялык Мыйзамдын 1 -беренесинин жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныкталат.

3. Улуттук банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.