68-берене. Улуттук банктын кызматчылары үчүн чектөөлөр
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
13-глава. Улуттук банктын кызматчылары
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 68-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилчү кызмат орундарынын тизмегине ылайык Улуттук банктын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү болууга же башка мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлөөгө, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болууга;
2) банктарда же Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарда кызмат орундарын ээлөөгө;
3) башка уюмдарда, анын ичинде ишин айкалыштыруу менен иштөөгө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча кызмат көрсөтүүгө (окутуучулук, илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштерди кошпогондо).
Ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында каралган тыюу салуулар, Улуттук банктын кызматчыларынын Улуттук банк акционер (катышуучу) болгон уюмдарда Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына расмий өкүлчүлүк кылышына, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык финансы-кредиттик жана башка уюмдарда постторду жана кызмат орундарын ээлешине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларга карата жайылтылбайт;
4) банктардан жана микрофинансы уюмдарынан кредиттерди алууга;
5) эгерде кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болсо, баалуу кагаздарды сатып алууга. Улуттук банктын кызматчысы Улуттук банкта иштеп жаткан мезгилде ага таандык болгон баалуу кагаздарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү;
6) ушул конституциялык Мыйзамда башкача каралбаса, Улуттук банктагы үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга.
2. Ушул беренеде Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөрдү сактабоо эмгек милдеттерин одоно бузуу болуп саналат.