5-берене. Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 5-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

Улуттук банк:

1) акча-кредит саясатын аныктайт жана жүргүзөт;

2) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

3) бардык эл аралык резервдерге ээлик кылат жана башкарат;

4) Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт;

5) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүнүн өзгөчө укуктарына ээ жана накталай акча жүгүртүүнү уюштурат;

6) электрондук акча эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) укугуна ээ;

61) санарип сомдун эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) боюнча өзгөчө укукка ээ жана аны чыгаруу жана жүгүртүү тартибин белгилейт;

62) санарип сомдун платформасын уюштурат жана иштешин камсыз кылат жана санарип сомдун платформасынын оператору болуп саналат;

7) ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берүүчү документтерди, анын ичинде атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында берүүнү жүзөгө ашырат;

8) Кыргыз Республикасынын банк системасын, анын ичинде банктардын жана банктык топтордун ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

9) банктык эмес финансы-кредит уюмдарын жана Улуттук банктын көзөмөл алдындагы башка юридикалык жактарды жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

10) төлөм системасын (оверсайт) көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүнө өбөлгө түзөт;

11) банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин ишке ашырат, Шариат стандарттарына ылайык банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу эрежелерин аныктайт;

12) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктык операцияларды жүргүзөт;

13) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын убактылуу администраторлорунун жана банктарды жоюучулардын, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салууну жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

14) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын ишин монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырат;

15) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

16) баалуу металлдарды жүгүртүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашырат;

17) баалуу металлдардан аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды чыгарат;

18) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктар үчүн акыркы инстанциядагы кредит берүүчү болуп саналат;

19) эл аралык уюмдарда акча-кредит саясаты, банк жана төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөйт жана анын атынан чыгат;

20) расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган менен биргеликте төлөм балансын түзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позициясын аныктайт;

21) ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана чыгарат;

22) (КР 2025-жылдын 17-июлундагы № 147 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 74 , 2025-жылдын 17-июлундагы № 147 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык )