58-берене. Улуттук банктын төрагасынын, анын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына карата талаптар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

12-глава. Улуттук банкты башкарууну уюштуруу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 58-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, кынтыксыз абройго, зарыл болгон квалификацияга, финансы-экономика жана/же юридика чөйрөсүндө кесиптик тажрыйбага ээ адамдар дайындалышы мүмкүн.

Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына төмөнкүдөй адамдар дайындалышы мүмкүн эмес:

1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;

2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.

(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)