59-берене. Улуттук банктын төрагасы, анын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү үчүн чектөөлөр
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
12-глава. Улуттук банкты башкарууну уюштуруу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 59-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Төрагага, төраганын орун басарларына жана Башкармасынын мүчөлөрүнө ушул конституциялык Мыйзамда Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөр жайылтылат.
2. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү саясий партияларга, диний жана башка коомдук-саясий уюмдарга катыша албайт, банктардын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактардын акцияларынын/үлүштөрүнүн ээси боло албайт.