57-берене. Башкаруу органдары
20.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
12-глава. Улуттук банкты башкарууну уюштуруу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 57-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банктын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Улуттук банктын Башкармасы - жогорку башкаруу органы;
2) Улуттук банктын төрагасы - жогорку аткаруучу кызмат адамы.
2. Улуттук банктын Башкармасы - Улуттук банктын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Улуттук банктын ишине жалпы жетекчилик кылуучу коллегиялык орган.
3. Улуттук банктын Башкармасынын курамына Улуттук банктын төрагасы, төраганын үч орун басары жана Улуттук банктын Башкармасынын үч мүчөсү кирет. Улуттук банктын Башкармасы туруктуу негизде иштейт.