46-берене. Улуттук банктын жана финансы секторунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

9-глава. Улуттук банктын банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 46-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Эгерде банктык топтун катышуучусу башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын көзөмөлүнө алынууга тийиш болсо, анда Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар банктык топту ар тараптуу көзөмөлдөө максатында кызматташууга тийиш.

2. Улуттук банктын суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ага банктык топко же банктык топтун катышуучусуна тиешелүү кандай гана маалымат болбосун беришет.

3. Өз ара аракеттенүүдө Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар банктык топко же анын катышуучуларына карата макулдашылган иш-аракеттер планын жана иш-чараларды координациялоону караштырган тиешелүү макулдашууларды түзүшөт.