47-берене. Улуттук банктын жана чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы кызматташуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

9-глава. Улуттук банктын банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 47-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк консолидацияланган негизде банктык топту ар тараптуу жана натыйжалуу көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзөт.

2. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөл боюнча чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташуунун алкагында, банктык сырды кошкондо, зарыл болгон маалымат менен алмашууга, суроо-талап боюнча максаттуу текшерүүлөрдү (анын ичинде биргелешкен) жана өз ара консультацияларды жүргүзүүгө, ошондой эле колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө кабарлоого укуктуу.