Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

9-глава. Улуттук банктын банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 45-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банктын чечимдери сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Банкты кайра түзүмдөштүрүү, убактылуу администрация режимин киргизүү жана лицензияны кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банктын чечимдерине карата доону камсыз кылуу чаралары Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган алып салуулар менен колдонулат.

3. Улуттук банктын чечими даттанылып жаткан чечимди кабыл алуу үчүн мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда гана Улуттук банк тарабынан мындай чечимди кабыл алуунун негиздүүлүгүн карабастан сот тарабынан жараксыз деп таанылышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.