44-берене. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
9-глава. Улуттук банктын банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 44-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын кандай гана чечимдери болбосун сотко чейинки даттанууга жатат.
2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечимдеринин колдонулушун токтотпойт.
3. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттанууну маңызы боюнча карайт. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн бир жолу отуз календардык күнгө узартууга укуктуу.
5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 21-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)