43-берене. Улуттук банктын көзөмөлдөө жана таасир этүү чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

9-глава. Улуттук банктын банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 43-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Көзөмөл тышкы көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүнү уюштуруу, ыйгарым укуктары жана жүзөгө ашыруу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

2. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет Улуттук банктын купуя документи болуп саналат жана Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбейт.

3. Улуттук банк инспектордук текшерүүгө аудиторлорду, эксперттерди, адистерди, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды жана уюмдарды тартууга укуктуу. Текшерүүгө тартылган жактар маалыматтардын купуялыгын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык сырды ачыкка чыгарбоо талаптарын так сактоого милдеттүү.

4. Улуттук банк жана чет өлкөлүк банктык көзөмөлдөө органдары тиешелүү макулдашуулардын негизинде бири-биринин аймагындагы көзөмөл алдындагы жактарына карата өз ара инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

5. Улуттук банкта көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу коллегиялык орган түзүлүшү мүмкүн.

6. Улуттук банк банктарга, банктык топторго, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарга, алардын акционерлерине (катышуучуларына) жана кызмат адамдарына карата алардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонот. Көрсөтүлгөн чараларды колдонуу тартиби атайын мыйзамдар жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

7. Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык практиканын белгилерин аныктайт, ага көзөмөл алдындагы жактардын жана алардын кызмат адамдарынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) тиешеси бар экендигин аныктайт, ошондой эле алгылыксыз жана кооптуу банктык практикага тиешеси бар экендигинин укуктук кесепеттерин белгилейт.

8. Улуттук банк атайын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык көзөмөл алдындагы жактардын төлөөгө жөндөмсүздүгүн белгилейт. Төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленген учурда лицензия (уруксат документи) кайтарып алынууга тийиш.

9. Улуттук банк жоюлуучу банктарга, Улуттук банк тарабынан аныкталуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарына мониторинг жүргүзөт, ошондой эле жоюучунун ишине карата тиешелүү маалыматты суроого, алууга укуктуу.