39-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
8-глава. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 39-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банк расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзөт.
2. Төлөм балансын түзүүдө төлөм балансын түзүүнүн эл аралык методологиясы, анын ичинде төлөм балансы жана эл аралык инвестициялык позиция боюнча колдонмо, ошондой эле акча-кредит жана финансы статистикасы боюнча колдонмо пайдаланылат.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы резидент эместер Улуттук банк тарабынан аныкталган формалар боюнча жана мөөнөттөрдө төлөм балансын түзүү жана аны болжолдоо үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматтарды Улуттук банкка өз учурунда берүүгө милдеттүү.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө, же болбосо өз убагында бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.