38-берене. Улуттук банктын консультациялары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

8-глава. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 38-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Улуттук банктын компетенциясына кирген маселелер боюнча консультация берет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин долбоорун даярдоодо Улуттук банк менен консультация жүргүзөт.

3. Улуттук банк макулдашылган шарттарда Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөөнү кошкондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин финансылык агенти катары чыгат.