40-берене. Лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

9-глава. Улуттук банктын банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 40-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын, банктарды, банктык топторду, банктык эмес финансы-кредит уюмдарын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарды, анын ичинде төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун лицензиялоо (уруксат документтерин берүү), жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин лицензиялоону, көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну жүргүзбөйт.

2. Улуттук банк атайын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банктардын, банктык топтордун, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын ишин лицензиялоо (уруксат документтерин берүү) боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында:

1) лицензиялоо (уруксат документтерин берүү) тартибин аныктайт жана акционерлерге (катышуучуларга) карата талаптарды белгилейт;

2) акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу же капиталга чектүү катышуу, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү макулдашуу тартибине карата талаптарды белгилейт;

3) кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге карата талаптарды белгилейт;

4) Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмегин жана аларды макулдашуу тартибин аныктайт;

5) ишти кеңейтүү тартибин аныктайт;

6) банктарды жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактарды кайра уюштуруу шарттарын жана тартибин белгилейт;

7) лицензиялоо боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын, банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн башка керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын сакталышы максатында алардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык көзөмөл жүргүзөт жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө ченемдерин белгилейт.

4. Улуттук банктын, Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы юридикалык жактарга атайын режимдердин алкагында киргизилген ыйгарым укуктуу адамдардын укуктары жана ыйгарым укуктары атайын мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

5. Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийгилишпейт.

6. Улуттук банк банктар, банктык топтор, банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактар тарабынан отчет берүү тартибин жана шарттарын белгилейт.

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн банктык сырды түзгөн маалыматты кошкондо, кандай гана маалымат болбосун банктардан, банктык топтордон, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынан жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардан, алардын акционерлеринен (катышуучуларынан) суроого жана алууга укуктуу.

Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максаттары үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары, Улуттук банк тарабынан алынган жана банктык сырга кирбеген маалыматтар жана документтер купуя маалымат болуп саналат жана жарыяланууга же үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.

Банктык сырды жана купуя маалыматты камтыган маалыматтар жана документтер сот актысынын негизинде гана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн.

Купуя маалыматтар жеткиликтүү болгон же мурда жеткиликтүү болгон Улуттук банктын кызматчыларына жана ар кандай башка жактарга ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартиптен башкача жол менен аларды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 246 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)