34-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

8-глава. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өз компетенцияларынын чегинде өз ара аракеттенишет.

2. Эгерде Улуттук банктын негизги максаттарына, милдеттерине жана ыйгарым укуктарына каршы келбесе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык саясатты эске алат, аны ишке ашырууга көмөктөшөт.

3. Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономикалык жана акча-кредит саясаты маселелери боюнча бири-бирине өз учурунда маалымдашат жана дайыма өз ара консультацияларды жүргүзүшөт.

4. Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кризистик кырдаалдар келип чыккан учурда кризиске каршы чараларды көрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ведомстволор аралык консультативдик-кеңешме органдын алкагында өз ара аракеттенишет.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпагандай эле, Улуттук банк да Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.