35-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кредит берүүгө жана финансылык жардам көрсөтүүгө тыюу салуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

8-глава. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 35-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кредиттерди жана кепилдиктерди берүүгө, анын ичинен республикалык бюджет тартыштыгын каржылоо үчүн кредиттерди жана кепилдиктерди берүүгө тыюу салынат.

2. Банкттарга, депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарына, Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоого багытталган каражаттар боюнча башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык финансы уюмдарына, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине жана Улуттук банктын кызматчыларына берилүүчү кредиттерди кошпогондо, Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамдын 72-беренесинде каралган учурларда мамлекеттик органдарга, кандай болбосун жеке жана юридикалык жактарга кандай формада жана кандай максаттарга болбосун кредиттерди берүүгө же башка финансылык, же болбосо материалдык жардамдарды көрсөтүүгө укуксуз.