33-берене. Улуттук банктын эл аралык резервдери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
7-глава. Тышкы экономикалык иш жана эл аралык резервдер
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 33-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруу максатында Улуттук банк чет өлкөлүк валютада жана Улуттук банктын милдеттерине жана керектөөлөрүнө жооп берүүчү башка эл аралык активдер түрүндө резервдик активдерди кармап турат.
2. Эл аралык резервдер Улуттук банктын менчигинде болот жана алар төмөнкүлөрдөн турат:
1) алтын жана башка баалуу металлдардан жана асыл таштардан;
2) накталай жана накталай эмес формаларда чет өлкөлүк валютадан;
3) чет өлкөлүк валютада жөнөкөй жана которулма векселдерден;
4) чет өлкөлөрдүн өкмөттүк мекемелери өз валютасында же чет өлкөлүк валютада чыгарган же кепилденген мамлекеттик баалуу кагаздардан;
5) Улуттук банк тарабынан аныкталган башка баалуу кагаздардан;
6) эл аралык деңгээлде таанылган ар кандай резервдик активдерден.
3. Эл аралык резервдерди башкаруу саясаты, лимиттер, контрагенттерге карата талаптар жана ыйгарым укуктардын деңгээлдери Улуттук банк тарабынан белгиленет.
4. Улуттук банктын эл аралык резервдери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:
1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык тиешелүү акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун колдоого, Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин өз учурунда тейлөөгө. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тышкы карыз, эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарууда, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн каржылоодо жана башка милдеттенмелерде чет өлкөлүк валютага болгон керектөөсүн чет өлкөлүк валютаны - эл аралык резервдердин бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сатуу аркылуу канааттандырат;
3) Улуттук банктын чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин аткарууга;
4) Улуттук банктын операциялык ишин камсыз кылууга;
5) Улуттук банктын ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарын аткарууга.
5. Улуттук банк резервдик активдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуунун артыкчылыктарын эске алуу менен бардык эл аралык резервдерди өз алдынча түзөт, ээлик кылат жана башкарат. Эл аралык резервдердин курамына кирген баалуу кагаздар жогору ликвиддүү болууга тийиш.
6. Эл аралык резервдерди түзүү жана аларды башкаруу же аларды чет өлкөлөрдө жайгаштыруу жана сатуу максатында Улуттук банктын баалуу металлдарды жана асыл таштарды чет өлкөдөн ташып келүүсү жана/же чет өлкөгө ташып чыгуусу үчүн лицензия талап кылынбайт. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташып келүү жана/же ташып чыгуу, сатып алуу жана сатуу тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.