32-берене. Улуттук банктын эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдүн борбордук банктары жана башка мекемелери менен мамилелери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
7-глава. Тышкы экономикалык иш жана эл аралык резервдер
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 32-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.
1. Мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, Улуттук банк акча-кредит жана валюта саясаты, төлөм системалары, макропруденциалдык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери жана өзүнүн компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирет.
2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарга ылайык башка өлкөлөрдүн борбордук жана коммерциялык банктары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзө алат.
3. Улуттук банк эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана башка финансылык мекемелеринин, эл аралык финансылык уюмдардын өкүлү же корреспонденти катары иш жүргүзүүгө укуктуу.
4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чегинен тышкары жайгашкан ар кандай уюмдар менен акча-кредит, валюта, төлөм жана банк чөйрөлөрүндө, макропруденциалдык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатында кызматташат.
5. Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук, коммерциялык банктары жана ыйгарым укуктуу органдары менен келишимдерди түзүүгө укуктуу.