31-берене. Мамлекеттик органдар жана чет өлкөлүк төлөм системаларын көзөмөлдөө органдары менен кызматташуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

6-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 31-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

1. Улуттук банк зарыл болгондо катышуучулары, төлөм уюмдары жана операторлору Кыргыз Республикасынын аймагында болгон эл аралык төлөм системаларына карата көзөмөлдөө ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, башка мамлекеттердин көзөмөлдөө органдары жана эл аралык финансылык уюмдар менен өз ара аракеттенет.

2. Улуттук банк чет өлкөлүк төлөм системаларын көзөмөлдөө органдары менен трансчекаралык төлөмдөрдү жүргүзүү стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу боюнча кызматташууга, ошондой эле тиешелүү юрисдикцияларда иштеген кайсы болбосун төлөм системасы боюнча маалымат алмашууга укуктуу.