30-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

6-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 30-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы (мындан ары - төлөм системасы) - акча жүгүртүүнү камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Төлөм системасынын иштөөсү, Улуттук банктын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары атайын мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.